Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

17-24-ноябрь аралыгында Өзбекстандын Термез полигонунун аймагында казак жана өзбек аскерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт.

Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскердик машыгуунун максаты – биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү.

Казак тараптан машыгууга 100дөн ашуун аскер кызматкери катышып, көп функционалдуу Су-30СМ истребителдери, С-295 аскердик-транспорттук учактары, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.

Буга чейин Жабыл облусундагы “Матибулак” полигонунда өзбек аскерлеринин катышуусу менен “Щит-2021” машыгуусу өткөн.

Комментарий жиберүү