Өзбекстан «Талибан» менен алака түзүүдө

Ооганстанда талибандар бийликке келгенден бери коммерциялык жүктүн биринчи партиясы өлкөгө Өзбекстандан жеткирилген.

Бул тууралуу  Pajhwok Ооган соода палатасынын билдирүүсүнө таянуу менен жарыялады.
Белгилей кетсек, Өзбекстан Ооганстанга чектеш Балх провинциясындагы Хайратон порту аркылуу эки поезд менен товарларды жеткирип берген.
 Ал эми буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Ооганстанга азык-түлүк жеткирүүгө даяр экенин жарыялаган.
  Товарлардын арасында эң керектүү буюмдар жана азык-түлүктөр болгон.
Ооган элине жардам көрсөтүү үчүн Мазари-Шариф (Балх провинциясы) багытындагы жалгыз темир жол болгон Термез-Хайратон көпүрөсү убактылуу ачылды.
Шавкат Мирзиёевдин айтымында, талибдер Өзбекстандын аймагына ар кандай чабуулдарды болтурбоо боюнча өз сөзүндө турушат, ал эки жыл мурун анын атынан талиптер менен диалог түзүлгөнүн белгиледи.
Буга байланыштуу таанылбаган Ооганстан Ислам Эмиратынын сүйлөшүү тобунун мүчөсү жана талиптер кыймылынын саясий кеңсесинин пресс -катчысы Мохаммад Сухейл Шахин кечээ талибдердин Ташкент менен “жемиштүү жана достук мамилелерди” түзүүгө болгон каалоосу тууралуу жарыялады.
Ошондой эле, Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоосунда ал “Талибандын” Өзбекстандын катышуусу менен Ооганстанда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну улантууга, атап айтканда темир жол жана электр линияларын курууга кызыкдар экенин ырастады.
Эске салсак, талибандардын лидерлери 1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк майрамына карата атайын куттуктоо жиберишкен.  Куттуктоо текстин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн Telegram каналында жарыялады.

Комментарий жиберүү