«Өзүбүзгө көр казып жатабыз»: БУУнун баш катчысы жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы Глазко шаарында өтүп жатат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш адамзат айлана-чөйрөгө кылган мамилеси менен өзүнө көр казып жатат деп билдирди. Бул тууралуу ал климат боюнча эл аралык саммиттин катышуучуларына кайрылып, адамзатты жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды.

“Климат боюнча Париж келишимине кол коюлгандан берки алты жыл тарыхтагы эң ысык алты жыл болду. Биздин казылып алынган отунга болгон көз карандылыгыбыз адамзатты туңгуюктун босогосуна түртүүдө. Биздин алдыбызда олуттуу тандоо турат: же биз аны токтотобуз, же ал бизди токтотот. Өзүбүздү көмүртек менен өлтүрүүнү токтотолу. Жаратылышка ажатканадай мамиле кылганды токтоткула. Өрттөөнү, бургулоону жана тереңирээк казууну токтоткула. Биз өзүбүзгө көр казып жатабыз ”, – деди Гутерреш.

31-октябрда Глазгодо башталган БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы 12-ноябрга чейин уланат.

Сессияга 200гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде дүйнөлүк лидерлер, эксперттер жана активисттер катышууда.

Комментарий жиберүү