Өлүмгө алып келүүчү мукормикоз оорусу Иракка жетти

Ирактын түштүгүндөгү Ди-Кар провинциясында мукормикоз – грибок инфекциясынан улам кеминде эки адам каза болду.

Бул тууралуу “Rudaw” телеканалы жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментинин өкүлү Аммар аль-Замилиге шилтеме берип маалымдады.

Маалыматка караганда, өлкөдө грибок инфекциясын жуктуруунун жалпы төрт учуру катталган.

“Насирия шаарында мукормикозду жуктуруп алган төрт учур жана эки өлүм катталды. Эки учур тең коронавирус инфекциясынын кесепеттери менен байланыштуу”, – деп билдирген Аль-Замили.

Мукормикоз – грибок инфекциясынан улам пайда болгон кошумча оору. Оору айлана-чөйрөдөгү грибок споралары менен байланышта болгондордо же грибок кесилген, чийилген же күйгөн териге киргенден кийин өрчүшү мүмкүн. Бул оору “көк дат” деген ат менен дагы белгилүү.

Грибок көбүнчө нымдуу бөлмөлөрдө жана буюмдардын беттеринде, топуракта, өсүмдүктөрдө, чириген жашылча-жемиштерде кездешет. Анын споралары организмге дем алуу жолдору аркылуу кирип, мурун көндөйүн же  өпкөнү жабыркатат.

Бул оору кант диабети менен ооругандарга, ошондой эле ооруга каршы күрөшкөндөн, айрыкча коронавирустан кийин иммунитети төмөндөгөн адамдарга чоң коркунуч келтирет.

Буга чейин Египеттин Шаркия провинциясында мукормикоз жуктуруунун жети учуру катталганы маалымдалган. Грибок инфекциясы COVID-19дан айыккан бейтаптарда табылган.

Белгилей кетсек, мукормикоз оорусу алгач коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрүн өрттөп жетишпей жаткан Индияда катталган. Бул өлкөдө грибок ооруусуна чалдыккандардын саны 11 миңге жетип, анын айынан бир нече адамдын көзү көрбөй калып, бир канчасы көз жумду.

Комментарий жиберүү