1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде 1-сентябрдан баштап Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер коюлуп башташы мүмкүн экенин билдирди.

Ал Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору боюнча коомдук талкуунун жыйынтыгы күтүлүп жатканын билдирип: “Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган болсо, аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир ай керектелет. Ошондо гана 15-августта министрлер кабинетинин токтомун күтөбүз. Документти өтүп кеткен число менен киргизе албайбыз да, 1-сентябрдан (тарифтерди кымбаттатууну) баштайбыз деп пландап жатабыз”, – деди.
Эскерте кетсек, апрель айында президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Алгач абоненттерди категорияларга бөлүнөрү айтылган. Бирок, кийинчерээк киловатт саатына 1,09 сомдон болсун деп бирдиктүү тариф сунушталган эле.
Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев  22-апрелде министр журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз өкмөтү электр энергиясына сунуштап жаткан жаңы тарифтик саясат 2021-жылдын августуна чейин коомдук талкууда болуп, кийин чечим кабыл алына турганын билдирген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кенештин депутаттары өлкөнүн электр энергия системасынын абалын көрүп тургандыктарын айтып, тарифтерди көтөрүү социалдык жарылууга жана ири компаниялардын жабылышына алып келерин эскертишип, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго электр кубаты менен жылуулукка жаңы тарифтерди киргизүүнү токтото турууну сунуштап кат жөнөтүшкөн.

Комментарий жиберүү