10 миңден ашуун америкалыктар эмдөөдөн кийин кайра COVID-19 вирусун жуктурушкан

Reuters АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) толук эмделген адамдардын арасында 10 миңден ашууну кайра COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, бул боюнча 30-апрелге карата 46 штатта 10262 учур катталган.
Pfizer / BioNTech же Moderna вакцинасынын эки дозасын алгандарда 1-2 жума аралыгында кайрадан коронавирус табылган.
Алардын 10 учурдун алты 6%ы аялдар жана бейтаптардын орточо жашы 58 жашты түзгөн.
 

Болжол менен 10% учурларда стационардык дарылануу талап кылынса, 160 адам (1,5%) көз жумган жана 28 учурда коронавирус өлүмдүн негизги себеби болгон эмес.

Эске салсак, эмдөөдөн кийин күтүлбөгөн кесепеттер жөнүндө Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинде дагы билдирилген. Алар AstroZeneca жана Covishield колдонушкан.
 

Коронавируска каршы AstroZeneca менен вакцинацияланган украиналыктардын 13% ы ысытма, кусуу, дем алуу, буту-колунун уктабай, эс-учун жоготкону байкалган. Башка дарыны колдонгондордун арасында бул сан 5% ды түзөт. Бельгияда Johnson & Johnson вакцинасы менен эмделген бейтап каза болгондон кийин, аны колдонууну токтотууну чечишти жана 41 жашка чейинки жарандарга вакцинага тыюу салынган.

Ал эми вакциналарга сыноо жүргүзүүдө Кытайдын Синофарм вакцинасы 72,8% таасирдүү экени аныкталды.

Бул вакцина Journal of American Medical Association тарабынан Бириккен Араб Эмираттарынан, Бахрейнден, Египеттен жана Иорданиядан келген 40832 ыктыярчыга изилдөө жүргүзүлгөн.

Комментарий жиберүү