200дөй тажик жараны «Манас» аэропортунан артка кайтарылды

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү.

Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик адам өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн жок.

Бул тууралуу Азаттык Үналгысы жазды.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу экенин айтты.

25-майда түнкүсүн Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөр киргизилбей жатканын тажик басылмалары жазышкан. Алар кайра келген учактарын да артка кайтышкан.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө “убактылуу чектөө” коюлган.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан.
28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

Комментарий жиберүү