21-сентябрдан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100миңден ашуун россиялык жаран кирген

  Россияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан бери Кыргызстан менен Казакстанга 100 миңден ашуун россиялык жаран кирген.

КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 21-сентябрдан баштап Кыргызстанда Россиянын 3 миң 526 жараны каттоодон өткөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миң 3 жараны каттоодон өткөн. Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Россиянын 141 миң 323 жараны катталган.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруу Аслан Аталыков 21-сентябрдан бери Казакстанга 98 миңдей россиялык жаран кирип, ошол эле убакыт аралыгында өлкөдөн 64 миңден ашуун орус жараны чыгып кеткенин билдирди.

“Бүгүнкү күндө бизге маалымат келди, биз аны чек ара кызматынын маалыматы менен тактадык – 21-сентябрдан бери Казакстанга 98 миңге жакын россиялык жаран кирип, 64 миң 234 россиялык чыгып кетти”, – деди ал бүгүнкү маалымат жыйынында.

Эске салсак, буга чейин Казакстандын Чек ара кызматы Россиядагы мобилизациядан улам казак-орус чек арасында өлкөгө кирүү үчүн кезекте турган чет өлкөлүктөрдүн саны кескин көбөйгөнүн ырастаган.

21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Москвадан орус жарандары визасыз кете ала турган өлкөлөргө билеттер бир нече сааттын ичинде эле сатылып кеткен.

Комментарий жиберүү