Ирандагы табигый кырсык: Садыр Жапаров Иран элине жана президентине көңүл айтты

 Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты.

«Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Соңку жумада Ирандын бир катар провинцияларында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 70ке жакын киши каза болцп, 40тан ашууну дайынсыз болууда.

Нөшөрлөгөн жаандан улам Ирандын 31 провинциясынын 20да сел жүрүп, 111 шаарча, 310 айылды суу каптаган.

Комментарий жиберүү