“Талибан” Пакистан АКШга аба мейкиндигин колдонууга уруксат бергенин билдирди

“Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) коргоо министри Мохаммад Якуб Пакистандын өкмөтү америкалык учкучсуз учактарга Ооганстанга өтүү үчүн анын аба мейкиндигинен колдонууга уруксат берип жатканын билдирди.

Өткөн айда Кошмо Штаттар Кабулдун аймагына абадан сокку урганда Пакистан бийлиги мындай айыптоону четке каккан болчу.

28-августта Кабулда өткөн пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Мохаммад Якуб америкалык учкучсуз учактар Ооганстандын аймагына Пакистан тараптан кирип жатканын айтты.

«Биздин маалымат боюнча, учактар Пакистан аркылуу келип жатышат. Алар бул өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланууда. Биз Пакистандан аба мейкиндигин биздин өлкөгө каршы колдонууга жол бербөөнү өтүнөбүз», — деди ал.

Пакистандын бийлиги мындай билдирүүлөр негизсиз экенин айтууда.

Өткөн айда АКШ аскерлери Кабулга абадан сокку урганда “Ал-Каида” террордук тобунун лидери Айман ал-Завахири жок кылынганын билдиришкен.

Бир жыл мурун талибдер Батыш колдоп турган ооган өкмөтүн кулатып, бийликти басып алышкан. “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бир жыл ичинде бийлигин бекемдеп, ички оппозицияны толук жок кылды.

2001-жылы АКШда жасалган ири террордук чабуулдан кийин Кошмо Штаттар жана НАТО Ооганстанга аскерлерин киргизип, терроризмге каршы коалициялык операция жарыялашкан. Операция туура жыйырма жылдан кийин аяктап, 2021-жылдын 31-августунда Ооганстандагы акыркы америкалык аскер өлкөдөн чыгып кеткен.

Комментарий жиберүү