Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады.

 Россияда 21-сентябрдан тарта жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.

  • Путин мындай чечим Россиянын эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн сактоо зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын айтып, жарым-жартылай мобилизацияга учурда запаста турган же мурда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн жана бул жаатта тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар чакырыларын билдирди.

“Аскердик кызматка чакырылган жарандар аскердик бөлүктөргө барар алдында атайын операциянын өзгөчөлүгүн эске алып, кошумча даярдыктан өтүшөт”, – деди Путин.

Ал ошондой эле мобилизация жолу менен аскердик кызматка чакырылган жарандар келишим боюнча Россиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын статусун алышарын кошумчалды.

Президент мобилизациялык иш-чаралар бүгүн, 21-сентябрдан башталарын билдирди.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациянын алкагында жалпы жонунан 300 миң резервист чакырыларын билдирди.

Комментарий жиберүү