Парламент Тажикстандын кол салуусу боюнча БУУ баш болгон эл аралык уюмдарга кайрылат

  Жогорку Кеңеш чек арадагы жаңжал боюнча эл аралык уюмдарга кайрылат.

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылуу жөнөтүү чечимин кабыл алды. Депутаттар тийиштүү чечимге парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында добуш беришти.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кайрылуунун текстин аталган комитет даярдаганын билдирди.

“Бул Жогорку Кеңештин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана башка уюмдарга Тажикстандын Кыргызстанга жасаган куралдуу агрессиясы боюнча кайрылуусу”, – деп белгиледи депутат.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атоодо.

Кыргызстан кол салуудан  62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Комментарий жиберүү