Дагестандын Дербент шаарында комиссариат бардык эркектердин келүүсүн талап кылды


Орусия Федерациясынын субъектиси – Дагестан Республикасынын Дербент шаарынын аскердик комиссариаты калаада жашаган эркек тургундарынын бардыгын аларга келип кетүүсүн талап кылды. Комиссарлар шаардын көчөлөрүн аскердик автоунаа менен кыдырып, үн күчөткүч менен ушундай кайрылуу жасады.

Мындай формадагы чакырууну “Осторожно, новости” Телеграм-каналы жарыялады.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” “Кавказ.Реалии” долбоорунун журналисттери комиссариатка катардагы жаран катары чалып байланышкан учурда муну ырасташкан. Алар “эгер аскердик билет болсо, дароо аскердик комиссариатка келгиле, бизге зарыл болсоңор алып калабыз, зарыл болбосоңор кайра коё беребиз” деп жооп беришкен.

Бул маалымат чыккандан кийин Дагестандын башчысы Сергей Алимов да билдирүү таратып, муну “акылсыздык жана дүрбөлөңгө шыкак берүү” деп атады.

Дагестанда мобилизацияга байланыштуу ири нааразылыктар өткөн. Махачкала шаарындагы акцияларда жарандардын согушка жөнөтүлүшүнө каршы чыккандар менен полиция кагылышкан. Өткөн ишемби-жекшембидеги акцияларда эле мында 2 жарым миңдей адам кармалган.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Ушундан кийин өлкөдөн чыгып кетүү – аскер комиссариаттарынын чакыруусун алуудан качуунун эң ыңгайлуу жолу катары каралып жатат. Миңдеген жарандар автоунаа менен Казакстанга, Грузияга, Беларуска, Монголияга, Финляндияга чек арадан өтүп кетип жатышат. Москвадан жакынкы, визасыз барчу өлкөлөргө, анын ичинде Стамбулга, Ереванга, Бакуга, Астанага, Ташкентке жана Бишкекке билеттер кескин кымбаттап кетти. Көпчүлүк каттамдарга билеттер калбай да калды.

Комментарий жиберүү