Абдуллахиан: Тегеран согушкан тараптарга курал жөнөтпөйт

 

 Тегерандын Украинадагы окуяларга карата позициясы жаңжалдашкан тараптарга курал жөнөтүүдөн баш тартуу принцибине негизделген.

Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдуллахиан украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен телефондогу сүйлөшүүсүндө билдирдиргенин иран басылмалары маалымдашты.

Украин маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Иран буга чейин бир нече жолу Москвага курал-жарак жөнөткөнү боюнча тараган маалыматтарды четке кагып келгенине карабай, Кулеба Амир Абдуллахиандан Ирандын Россияга курал жөнөтүүсүн токтотууну суранган.

Иран министри бул доомат экенин дагы бир жолу баса белгилеп, “Тегеран Украинада согушкан тараптарга курал жөнөтүп жатат” деген айыптоолорду четке какты.

“Биздин Украина боюнча позициябыз чыр-чатакка катышкан тараптарга курал берүүдөн баш тартууга негизделген. Биз айрым өлкөлөрдүн Россия Украинага каршы согушта ирандык учкучсуз учактарды колдонгону боюнча негизсиз айыптоолорун чечкиндүү түрдө четке кагабыз жана украин бийлигин эки тараптуу деңгээлдеги жолугушууга чакырабыз. Украина маселеси боюнча биздин позициябыз согушуп жаткан тараптарды куралдандыруу эмес. Биз Украинадагы согушка каршыбыз”, – деди ал.

Ошондой эле, ал Тегеран Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга даярдыгын буга чейин бир нече жолу билдиргенин эске салып өттү.

Комментарий жиберүү