7 миллиард доллардай жоготкон. Цукерберг интернет колдонуучуларынан кечирим сурады

Кечээ, дүйшөмбү күнү Facebook, Instagram жана WhatsApp тармактары жапырт иштебей калганы маалым болду.

Facebook компаниясы да иштин үзгүлтүккө учураганын ырастап, анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сурады.

Маалыматка ылайык, Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болгон. Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салынышына жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жараткан.

Facebook инженерлери “Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин жөндөмүнө таасир тийгизди. Ошентип биздин кызмат иштебей калды”, – деп билдирген.

Социалдык тармактын негиздөөчүсү Цукерберг кечээ өзүнүн Facebook баракчасына билдирүү жарыялап, “Facebook, Instagram, WhatsApp жана Messenger кайрадан иштеп баштады. Бүгүн алардын жеткиликсиз болуп калганы үчүн кечирим сурайм. Жакындар менен байланышта болушу үчүн биздин кызматты ишенип колдоно турганыңыздарды билем”, – деп жазды.

Марк Цукерберг 6-7 саатка созулган катачылыктан жети миллиард долларга жакын каражат жоготкону айтылды.

Комментарий жиберүү