Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 315ке жетти

Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 315ке жетти

Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылып, 1600дөн ашуун адам жараат алганын “Талибан” өкмөтүнүн Качкындар иштери боюнча министрлиги 12-май күнү билдирди. Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир нече провинцияда катуу жамгырдан кийин сел жүргөн. Баглан провинциясы суу-ташкындан эң көп жабыркаган аймак деп эсептелди. Анткени, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыккан. Кырсыктын кесепетинен  провинциянын суу каптаган аймактарына жардам убагында жетпей, жардам көрсөтүү үчүн бараткан  унааларды баткактан чыгаруу үчүн армия оор техника колдонууга аргасыз…

Прочитайте больше

Алматыда Азербайжан менен Армениянын чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды

Алматыда Азербайжан менен Армениянын чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды

Еревандагы нааразылык акцияларга карабай, Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Алматыда кайрадан сүйлөшүүлөрүн жандантты. 11-майда уланган сүйлөшүү Түштүк Кавказдагы кырдаал боюнча тынчтык келишимин түзүүгө багытталды. Баку көп жылдар бою армян тектүүлөр көзөмөлдөп келген Карабак аймагын былтыр кайтарып алган жана аны бекемдөөгө аракеттенүүдө. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян 10-май күнкү билдирүүсүндө Ереван тынч келишимге эле эмес, транспорттук каттамдарды ачууга да даяр экенин айткан. Тараптар 19-апрелде кол койгон протоколго ылайык, Ереван менен Баку чек аранын айрым тилкелери боюнча…

Прочитайте больше

БУУнун Башкы ассамблеясы палестиналыктардын уюмга мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны кабыл алды

БУУнун Башкы ассамблеясы палестиналыктардын уюмга мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны кабыл алды

Жума күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиналыктардын Уюмга толук кандуу мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны колдоп, Коопсуздук Кеңешин бул маселени кайра карап чыгууга чакырды. Аны 143 өлкө колдоп, тогузу каршы, 25и добуш берүүдөн карманды. Резолюцияны кабыл алуу үчүн мүчө мамлекеттердин үчтөн экисинин добушу керек болчу. Палестина жана араб өлкөлөрүнүн тобу бул резолюциянын долбоорун бекитүү Палестинага Бириккен Улуттар Уюмунда көбүрөөк укуктарды жана артыкчылыктарды берет деп сунуш кылышкан. Резолюцияны колдобогондордун арасында АКШ да бар. АКШнын БУУдагы миссиясынын басма сөз…

Прочитайте больше

Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин экинчи жыйыны болду

Бакуда Кыргызстан жана Азербайжан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин экинчи жыйыны болду

Кыргызстан жана Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев тар курамдагы жолугушуудан кийин бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин (ЖМАК) Экинчи жыйынын өткөрүштү. Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, мамлекеттик сапардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн жана элдеринин ортосундагы бир туугандык, достук мамилелерди мындан ары бекемдей турганына ишеним билдирди. Азербайжандын Президенти кызматташтыкты өз ара аракеттенүүнүн эки жактуу жана көп тараптуу форматтарында өнүктүрүүгө карата эки өлкөнүн мамилесинде толук бирдейлик байкаларын баса…

Прочитайте больше

Элиана Сатарова: Газа качкындарынын абалы өтө аянычтуу. Видео

Элиана Сатарова: Газа качкындарынын абалы өтө аянычтуу. Видео

Кыргызстандагы “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду Газада согуш башталгандан бери кыргыз элинин атынан палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Фонддун жетекчиси Элиана Сатарова палестиналыктарга жардам чогултуу, аны Газа менен Египеттин чек арасына жеткирүү иштери кандай жүргүзүлгөнүн жана ал жердеги газалык качкындарынын аянычтуу абалы туурасында “Eurasia Today” агенттигине маек курду.

Прочитайте больше

Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Казакстандагы суу ташкын: акыркы сааттарга карата абал кандай?

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу каптаган аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат бергендигин Tengrinews.kz. маалымат агенттиги билдирди. Суу ташкын башталгандан бери жалпысынан 99 869 адам куткарылган, анын 36 591и балдар. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында 6 586 адам жайгаштырылып, алардын 3 197си балдар. 9 миллион кубометр сел суусу сордурулуп, 1,6 миллион даана кап жана 1,2 миллион тонна инерттик материал суунун нугун тосуу үчүн орнотулган. Авариялык-куткаруу иштерине 34 272 адам жана 4 миң даана техника, 17 тик учак тартылган….

Прочитайте больше

Түркмөнстанда ахалтекин аттарынын эл аралык сулуулар конкурсу өтөт

Түркмөнстанда ахалтекин аттарынын эл аралык сулуулар конкурсу өтөт

Түркмөнстандын президенти  Сердар Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Аркадаг шаарында ахалтекин тукумундагы аттардын эл аралык сулуулар конкурсун өткөрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу  Turkmenportal маалымат агенттиги билдирди. Конкурс түркмөн күлүктөрүнүн Улуттук майрамынын урматына өткөрүлөт. Ошондой эле бул майрамдын алкагында сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, килем токуучулардын, зергерлердин, фотографтардын, басма кызматкерлеринин, дизайнерлердин, ахалтекин жылкыларынын сулуулугунун көркөм көрүнүшүн сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство, басма продукциялары жана башка чыгармаларда  чагылдырган телеоператорлордун да конкурсу өткөрүлмөкчү. Түркмөн күлүктөрүнүн улуттук күнү 2011-жылдан тартып апрелдин акыркы жекшембисинде масштабдуу…

Прочитайте больше

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

“Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты

Кыргыз тасмасы Казакстанда 4 күндүн ичинде 1 млн доллардан ашык каражат топтоду. Режиссер Руслан Акун тарткан “Бейиш – эненин таманында” кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккан төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) $1 млн доллардан ашык акча жыйнаганга жетишти. Кыргыз тасмасы чет элдик фильмдерди артка калтырып, кассалык сатуулар боюнча коңшу өлкөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерди сатуу кызматы билдирди. Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде “Кунг-фу Панда…

Прочитайте больше

Орусиянын муфтийи Р. Гайнутдин 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Исламды сыйлыкка көрсөттү

Орусиянын муфтийи Р. Гайнутдин 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Исламды сыйлыкка көрсөттү

Москванын Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде болгон терракт учурунда 100 жакын  элди куткарган Ислам Халиловду Россиянын муфтийи тарабынан сыйлыкка көрсөтүлөт. “Крокус Ситиде” 100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловду Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөттү. Орус басылмаларынын билдирүүсу боюнча, муфтий Ислам Халиловдун өзүнө жана атасына жеке чакыруу жөнөткөн. Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланган. Ислам Халилов “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы гардеробдо сабактан кийин кошумча акча таап иштеген….

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Раиси Нооруз – бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи. “Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана…

Прочитайте больше

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөсүнө жетти

Казакстандын аскер кызматкерлери Голан дөңсөөсүнө жетти. Бул тууралуу 16-мартта коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Алар Дамаскка учак менен барышып, ал жактан Фауар бейпилдик базасына автоунаа менен жетишкен. Ведомство кабарлагандай, тапшырманы аткаруу үчүн ал жакка керектүү аскердик техника жөнөтүлдү. Казак отрядынын курамында 139 аскер кызматкери бар. Бөлүм брондолгон унаалар, КамАЗ, микроавтобус жана жол тандабастар менен жабдылган. Буга чейин казак бийлиги 430 чакты жоокер Голан дөңсөөлөрүндөгү жана Түштүк Судандагы байкоочу миссияларына катыша турганын билдирген. Быйыл январда парламенттин…

Прочитайте больше

Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү

Канаданын Ванкувер шаарында самолётко чагылган түштү

Канаданын Ванкувер шаарында жүргүнчүлөр учуп бараткан самолётко чагылгандын соккусу түштү.  Кырсык учурунда Boeing 777-300 самолётунда 550 жүргүнчү болгон. Ванкуверден Лондонго учуп бараткан Air Canada авиакомпаниясынын Boeing 777-300 самолёту чагылгандын соккусуна кокусунан туш болгон. Бактыга жараша трагедиядан лайнерге орнотулган атайын чагылганды басуучу системанын жардамы менен аман калууга мүмкүнчүлүк болгон. АКШнын Улуттук метрологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр самолётуна «чагылган орто эсеп менен бир жылда бир-эки ирет тиет».

Прочитайте больше

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

Америка Куш-Тепа каналынын курулушун кандай максатта каржылоодо?

«Талибан» 2022-жылдын мартында эле «Куш-Тепа» каналын кура баштаган. Алардын максаты  – Балх, Жаузжан, Фарьяб провинцияларында какшып жаткан жерди сугат аянтка айлантуу жана 250 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу. 285 километр аралыктагы объект толугу менен 2028-жылы курулуп бүтүш керек. Каналдын курулушу өтө тездик менен жүрүүдө, биринчи этаптагы 108 км өткөн жылы, белгиленген мөөнөттөн 8 ай эрте пайдаланууга берилди. «Куш-Тепанын» курулушу 700 млн долларга бааланган. Алгач каржылоо Афганистандын бюджетинен пландаштырылган. Бирок жакында 600 млн долларды  Мамлекеттик…

Прочитайте больше

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия тарыхта биринчи жолу астронавтын Эл аралык космос станциясына жөнөттү. Түркиялык биринчи астронавт Альпер Гезеравжи бар экипаж SpaceX ракетасы менен аалам мейкиндигине ийгиликтүү учту. Муну менен Түркия автронавттарды космоско ийгиликтүү жөнөткөн өлкөлөрдүн бири болуп калды. Гезеравжи эки жуманын ичинде Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий тажрыйба жүргүзөт. Ax-3 миссиясынын экипажынын курамында түрк астронавтынан тышкары, НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопез-Алегри (АКШ), италиялык аскердик учкуч Уолтер Вилладеи жана швециялык адис Маркус Вандт бар. “Бул абдан символикалык жана маанилүү…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

 Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу «ИЛИМ КЕНИ» илимий изилдөө каналына Палестина-Израиль жаңжалы тууралуу маек курду.

Прочитайте больше
1 2 3