Амаль Миранова: Кыргызстанда жоолук салынгысы келгендер көбөйдү. Биз региондорго чыга баштадык

Амаль Миранова: Кыргызстанда жоолук салынгысы келгендер көбөйдү. Биз региондорго чыга баштадык

Журналист, коомдук ишмер Амаль Миранова мындан 2 ай мурун Бишкекте “Жоолугум менин сыймыгым аттуу иш-чара өткөргөн. Мындай саамалыкты уюштурууга Амаль айымдын инстаграм баракчасына келген каттар түрткү болгон. Алардын арасында “Аябай жоолук салынгым келет, бирок эрким жетпей жатат. Мусулман эже-сиңдилердин колдоосуна муктажмын. Жоолук салынгым келет, бирок азырынча кийим-кече алууга шартым жок” деген сыяктуу каттар көп эле. Дал ушундай кыздарга арнап Амаль Миранова атайын иш-чара уюштуруп, алгач 23 кыздын жоолук салынуусуна себепкер болгон. Бул саамалык ушуну менен…

Прочитайте больше

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Бүгүн- Мираж түнү. Пайгамбарыбыздын (с) түнкү саякатынан алынчу сабактар

Биздин замандын 620-жылы Ражаб айынын 27сине караган түнү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с) керемет түнкү саякатка чыккан. Пайгамбарыбыз Меккеден Иерусалимге (Аль-Кудс) алып келинип, андан ары жогору көтөрүлгөн. Бүгүн, 10-марттан 11-мартка караган түнү “Аль-Исра валь-Мираж” деген ат менен белгилүү дал ушул керемет түнкү саякат орун алган. Ыйык Куранда бул тууралуу “Исра” сүрөсүнүн 1-аятында мындай деп айтылат:“Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал – Угуучу, Көрүүчү!”…

Прочитайте больше

Мираж түнү

Мираж түнү

Ражаб айынын 27-түнү. Мираж “тепкич, баскыч” деген маанини билдирет. Расулуллах асманга чыгарылган, биз билбей турган жерлерге алып барылган түн. Меккенин эли ыйман келтирбей, мусулман болгондорго көп азап кылган жылдар эле. Ошондуктан, Пайгамбарыбыздын көңүлү ооруган эле. Бул окуя кезинде хижраттан бир жыл мурда, элүү эки жашта болчу. Зейд бин Харисти жанына алып, Таифке барат. Таиф калкына бир ай вааз-насыят айтып, ыйманга чакырат. Эч ким ыйман келтирбей, аны маскара кылышыт. Ыйык денесин жаралап, азап көрсөтүшөт. Өздөрүнө Аллахтан…

Прочитайте больше

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар. “Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт. Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан…

Прочитайте больше

Шабан айы

Шабан айы

Динибиз тарабынан билдирилген ыйык айлардын экинчиси – Шабан айы. Аллаху таала кулдарына өтө мээримдүүлүк кылгандыгы үчүн, жада калса, эненин баласына деген мээриминен да артык мээримдүү болгондугу үчүн кээ бир күндөр менен кээ бир айларды касиеттүү кылган. Бул ыйык айлар менен күндөрдөгү ибадаттарга, жакшылыктарга өтө көп сооп бере тургандыгын билдирген. Ошондуктан, бул күндөрү тообо кылып, истигфар айтуу керек, дуба кылып, жалбаруу керек, бул күндөрдү чоң мүмкүнчүлүк деп билүү керек. Биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон касиеттүү айлардын…

Прочитайте больше

Бүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар

Бүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар

Суроо: Бүгүнкү күндө кылынып жаткан бидаттар эмнелер? ЖООП Ибадаттарга бир нерсе кошуу – бидат. Динибиз кемчиликтүү эмес. Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам динде бир нерсени кем таштап койгонсуп мындан да жакшысын биз кылышыбыз керекпи? Ибадатка бидат аралаштыруу Аллаху тааланын дининде кемчилик издөө, койгон өкүмдөрүн жактырбагандык жана динди өзгөрткөндүк болот. Мисалы, шам намазынын 3 рекет фарзынын ордуна дагы көбүрөөк ибадат кылуу үчүн 4 рекет кылуу – бидат, намаз кабыл болбойт. Таспих тартууда 33 ордуна сооп болсун деп 40 же андан көп тартуу бидат болот. Ал…

Прочитайте больше

Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Ушак сүйлөөдөн кантип арылууга болот?

Рамазан айы – бир гана тамак-аш, суусундуктан баш тартуу эмес, а бардык тыюу салынган иш-аракеттерден арылуу. Адамдар тарабынан көп жасала турчу күнөөлөрдүн бири – ушак айтуу (гыйбат). Аллах бул жаман адатты каза болгон бир тууганынын этин жеген иш-аракет менен салыштырган. А эмнеге дал ушундай салыштыруу болду экен? Себеби, ушакталып жаткан адам өзүн-өзү жаман сөздөрдөн коргой албагандыктан, ал өлгөн адамга салыштырылат. Дайыма бирөөнүн артынан сүйлөө адатка айланып кетүүсү мүмкүн. Биз сиздерге бул нерсени алдын алуунун бир…

Прочитайте больше

Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өттү

Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өттү

Кыргызстандын “Мутакалим” Аялдардын Прогрессивдүү Коомдук коому ЮНФПАнын колдоосу менен 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өткөрдү. Eurasia Today сайтынын кабарчылар тобу билдиргендей, Бишкекте “Park Hotel” мейманканасында 24-февралда ПООЖ “Мутакаллим” менен ЮНФПАнын демилгеси менен “2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоонун алкагында тегерек стол өткөрүлдү.Белгилей кетсек, жыйырма жылдан бери “Мутакалим” Аялдардын Прогрессивдүү Коомдук коому светтик мамлекеттин өнүгүшүн колдоп, динге ишенген аялдардын жарандык катышуу идеясын жайылтуу менен бирге, Кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо…

Прочитайте больше

Касиеттүү үч айлар

Касиеттүү үч айлар

Бул касиеттүү айлар – Ражаб, Шабан жана Рамазан айы. Касиеттүү айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу. Ар Жума…

Прочитайте больше

Рагаиб түнү

Рагаиб түнү

Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…

Прочитайте больше

Сахабалар: “Пайгамбарыбыз өтө сулуу адам болгон”

Сахабалар: “Пайгамбарыбыз өтө сулуу адам болгон”

Азирети пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) сүйкүмдүү, жүзүнөн жылдызы, нуру төгүлүп турган жан болгон экен. Анын турган турпатына, кебетесине, көрүнүшүнө окшош эч ким жаралган эмес, жаралбайт да. Алланын акыркы элчисинин нур тамылжыган жүзүн жана рухий ааламын аңдап-түшүнүү ашкере кыйын. Бул жагдай туурасында имам Куртуби:“Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жүзүнүн жамалы толук көрүнгөн эмес. Эгерде анын ай жамалы, аруулугу, сулуулугу толук көрүнгөн болсо, пайгамбарыбызды тик кароого сахабалардын дарамети жетмек эмес”, -дейт. Чынында да пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: калп айтуу – ден соолукка зыян

Окумуштуулар: калп айтуу – ден соолукка зыян

Сиз калп айтуунун ден соолукка зыян экенин уктуңуз беле? Америкалык окумуштуулар көп калп айткан адамдын организми ар кандай ооруларды чакырарын изилдеп чыгышкан. Бул эмоционалдык стресс менен байланышып, жыйынтыгында физикалык ооруларга алып келери эксперимент түрүндө тастыкталган. Изилдөөчүлөр көп калп айткан адамдын организми стресске бат кабыларын, муну, ал кайда, качан болбосун, өзүн-өзү контролдоп, кайсы жерде эмне деп калп айтканын эстеп, калпы чыгып калбоосу үчүн тынчсызданары менен байланыштырышкан. Калпычы анын калпын качан чыгарып салышат экен деп ар дайым…

Прочитайте больше

Салттуу ислам барбы?

Салттуу ислам барбы?

Шамиль Рифатович Аляутдинов, диний үгүтөөчү, Москва мемориалдык мечитинин имамы, Россия федерациясынын ДУМЕР илимий-уламалар кеңешинин жетекчиси, белгилүү окумуштуу-улама, ислам боюнча 30га жакын китептердин автору, Ыйык Куранды биринчи жолу орус тилине которуп, «Жан дүйнөнүн тынчтыгы», «Уулума белек», «Мусулмандын укуктары», «Триллионер угуп жатат» китептери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуу болгон. Эл аралык ислам академиясынын жана «аль-Азхар» университетинин ислам укугу факультетинин бүтүрүүчүсү. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын талап кылынган, ардактуу коногу. Бишкек шаарына келген учурда, биздин журналга эксклюзивдүү интервью…

Прочитайте больше

Белгилүү харамдар

Белгилүү харамдар

Себепсиз адам өлтүрүү. Зина кылуу. Ливата кылуу. (Бул бардык динде харам. Аналдык катнаш) Шарап жана башка бардык алкоголдук ичкиликтерди ичүү. (Пиво ичүү харам.) Уурулуккылуу. Көңүл ачуу максатында наркотикалык зат колдонуу. Башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу. Жалган күбө берүү. Рамазан айында орозо кармаган адамдардын алдында себепсиз тамак ичип-жеш. Пайыз алып-берүү. Көп ант ичүү. Эне-атага каршы келүү. Махрам жана салих тууганын зыярат кылбоо. Согушта душманды көрүп качуу. Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиз жеш. Таразасы жана өлчөм каражаты менен туура…

Прочитайте больше

Акчаңыз жок болсо да садака бере аласыз. Бирок кантип?

Акчаңыз жок болсо да садака бере аласыз. Бирок кантип?

Муктаж адамдарга берген садакаңызга 70 эсе, балким андан да көп сооп жазыла турган куттуу Рамазан айындабыз. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, көп-көп садака берип калууга шашылуу зарыл. А эгер акчаңыз жок болсо кантип садака берүү керек? Дал ушундай суроо 1400 жыл мурун сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге да (Алланын ага салам-салаваттары болсун) берилген. Ага Ал мындайча жооп берген:“Адамдар өзүнүн ак эмгеги менен тапкан берекесинен өзүнө пайда келтирип, садака берсин. Анда бир киши мындай суроо салат: “О, Алланын элчиси,…

Прочитайте больше
1 11 12 13 14