COVID-19га каршы күрөшүүгө, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө ири суммада акча берилет

Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциясы Кыргызстанга 17 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген каражат бөлөт.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ( COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкакгындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалмакчы.

Талкуу жүрүшүндө айрым депутаттар COVID-19 боюнча сатылып алынган вакциналардын кээ бир партиясы жараксыз болуп калганы тууралуу маселе козгошту. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин өкүлү сактоо режиминин бузулганынан улам жараксыз болгон вакциналар боюнча иликтөө иши жүргүзүлгөнүн, анын жыйынтыгында вакциналардын бузулушуна муздаткычтардын техникалык абалы эмес, муздаткычтарды өчүрүп салган медициналык кызматкерлер күнөөлүү болуп чыкканын, аларга тийиштүү чаралар көрүлө турганын билдирди.

Комментарий жиберүү