COVID-19дан каза болгондордун 65%ы жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар

COVID-19дан каза болгондордун 65 пайызында жүрөк-кан тамыр оорулары болгон.

Бул тууралуу COVID-19 боюнча штабдын Telegram-каналы маалымдады.

Штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 592 учуру катталган. 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, б.а. белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун дээрлик 100%ы өнөкөт оорулардан жабыркагандар. Алардын арасында жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%), боор оорулары (20%) жана кант диабети (15%) эң көп кездешкен.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган. Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган”, – деп айтылат маалыматта.

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган.

Ал эми аймактарга бөлүп караганда адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнчө Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон.

Ошондой эле, маалыматта коронавирус боюнча катталган учурлардын 45% адамдар оору башталган соң 5 күндөн кийин кайрылышканы баса белгиленген.

Комментарий жиберүү