COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

Америкада жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19дан кийин 1,6 миллионго жакын адам аносмиядан жапа чеккенин көрсөттү.

Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Пандемия башталгандан бери АКШда болжол менен 48,5 миллион адам коронавирус жуктурган. Изилдөөлөргө ылайык, илдетке чалдыккандардын 1,6 миллионго жакынында аносмия кеминде алты айга созулган.

Адистер жыт сезүү алты айдын ичинде калыбына келбесе, анда адам бул сезимден биротоло айрылышы мүмкүн экенин, бир нече жыл бою жыт сезбей калгандардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү азыраак болорун белгилешет.

Эске салсак, өнөкөт – бул узак мөөнөттүү оору, аны көзөмөлдөөгө болот, бирок толук айыкпайт.

Аносмия – жыт сезүүнү жоготуунун медицина илиминдеги аталышы. Ал ар кандай себептерден, анын ичинде COVID-19 сыяктуу респиратордук инфекциялардан улам пайда болушу мүмкүн.

Комментарий жиберүү