COVID-19: Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 4 миллионго чукулдап калды

Бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 374 миң 604 адамга көбөйдү.

Бул тууралуу илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн картадан көрүүгө болот.
Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 181 миллион 761 миң 814 адамга жуккан. Эң көп АКШда 33 миллион 652 миң 98 учур катталган. Андан кийинки орундардагы Индияда 30 миллион 316 миң 897, Бразилияда 18 миллион 513 миң 305, Францияда 5 миллион 835 миң 885, Орусияда 5 миллион 428 миң 961, Түркияда 5 миллион 420 миң 156, Улуу Британияда 4 миллион 791 миң 628, Аргентинада 4 миллион 447 миң 701, Италияда 4 миллион 259 миң 133, Колумбияда 4 миллион 213 миң 74, Испанияда 3 миллион 799 миң 733 жана Германияда 3 млн 735 миң 399 учур аныкталган.
Ал эми коронавирустан каза болгондордун саны 3 миллион 937 миң 22ге жетти. Акыркы суткада бул көрсөткүч 8 миң 218 адамга көбөйдү.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 2000ге жакын адамдан коронавирус табылды жана жалпы 125 003 учурга жетти.
Коңшу Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 480 миңден, Өзбекстанда 110 миңден ашса, Тажикстанда илдетти жуктурган 13 миңдей гана учур катталганы маалымдалды.

Комментарий жиберүү