Daily Wire: Байдендин саясатынан улам АКШда ачарчылык күтүлүүдө

АКШ президенти Жо Байдендин саясатынан улам өлкө болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризисине кабылуу коркунучунда турат. 

Мындай билдирүүнү “The Daily Wire” журналынын журналисти Майкл Ноулз жасады.

Журналист Байден бийликте турганына 14 ай болгонун, бул убакыттын ичинде инфляция акыркы 40 жылдын эң жогорку чегине жетип, бензиндин баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Акыркы эки жылдын ичинде биз эч качан болбойт деп ойлогон нерсе чындыкка айланды. Бир сааттын ичинде эле толук бөгөттөөлөрдүн киргизилиши, чиркөөлөрнүн жабылышы, федералдык өкмөттүн талабы боюнча беткап кийүү режими, экономиканын токтошу,  эми тамак-аш тартыштыгы болуп жатат” – деди журналист.

Ошондой эле, ал Байден бул маселени кадыресе көрүнүш катары эле көрүп жатканын кошумчалады.

Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүн буудай менен камсыздоо боюнча Орусия менен Украина алдынкы орунда турат.

Буга чейин, Байден Украинадагы окуялар жана Орусияга киргизилген санкциялар дүйнөлүк дефицитти жаратышы мүмкүн экенин айткан. Ошол эле маалда ал Орусия менен Украинаны Европанын “нан себети” деп атаган.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын расмий өкүлү Томсон Пири өз кезегинде Украинадагы окуялар азык-түлүктүн кымбатташына жана дүйнө жүзү боюнча ачарчылыкка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Пандемиядан кийинки өндүрүштү жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашы, кээ бир товарларга суроо-талаптын өсүшү жана газ менен мунайдын баасынын кескин өсүшү менен шартталган инфляция дүйнө жүзү боюнча ылдамдап жатат.

Февраль айында АКШда жылдык инфляция 7,9% га чейин тездеди, бул 1982-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болду, ошондой эле, Евронын аймагында да баалардын рекорддук өсүшү байкалууда.

Комментарий жиберүү