Instagram аймак элинин коопсуздугун камсыз кылган ирандык генерал Сулейманинин эрдиктерин даңазалаган постторду өчүрүп жатат

Иран эли эзелтен азыркыга чейин Ислам шейиттерине өзгөчө сүйүү жана берилгендик менен мамиле кылат жана шейиттерге болгон бул чын жүрөктөн чыккан сүйүүлөрү алардын сөөгүнө сиңип калган.

Адамдар бул дүйнөдөн өткөн жакындарына өздөрүнүн сезимдерин, сый-урматын ар кандай жолдор менен көрсөтүп келишсе, бүгүнкү күндө кибер мейкиндиктин кеңейиши менен ал сезимдерди виртуалдык платформада дагы билдире башташты.

Акыркы күндөрү социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары шейит болгон Ирандын генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгына карата ал тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү түрдүү виртуалдык платформаларда калтырып, эр жүрөк генералдын эрдиктерин даңазалап, кибермейкиндикте толкун жаратышты.

Бирок ошол эле учурда дүйнө жүзү боюнча Сулейманини даңазалап, аны колдогон посттордун күчөшү менен Ирандын ислам маданиятынын жана дискурсунун өнүгүшүнө көйгөйлөрү бар жана Ирандын көрүнүктүү инсандарына каршы кыйратуучу аракеттерин баштаган кээ бир Батыш өлкөлөрү интернет колдонуучуларынын шейит болгон Сулейманиге карата  #Hero (Баатыр) хештеги менен жарыялаган постторду Instagram сыяктуу кээ бир социалдык тармактардан  өчүрүп жатышат. Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Американын ракеталык чабуулунда өлтүрүлгөн.

Instagram популярдуулугун жоготуп баратат

Ирандын Хормозган провинциясынын тургуну, социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларынын бири Мортазави  ирандык «Yjc» агенттигине берген маегинде, Instagram тармагынын мындай аракетин айыптап, популярдуу билдирүүлөрдү өчүрүү менен чындык сөзүн  жана чыныгы ойлордун жарыяланышын эч качан токтотуу мүмкүн эместигин билдирди.

Анын айтымында, Instagram тармагынын  Сулейманиге карата бул профессионалдуу эмес аракети көптөгөн интернет колдонуучуларынын бул социалдык тармакка ишенбөөчүлүктөрүн жаратты.

Ал Касем Сулеймани бүгүнкү күндө дүйнөлүк масштабдагы фигурага айланганын белгилеп, дүйнө эли анын гуманитардык идеалдары менен ал шейит болгондон кийин көбүрөөк тааныша баштаганын билдирген.

Мортазави Иран эли Instagram баракчалары жабылса дагы маркум Сулейманинин эрдиктерин даңазалоону  жайылтуу үчүн маданий жихаддан тажабай турганын айтып, кайрадан аракет кыла берерин баса белгиледи.

Касем Сулеймани аймак элинин коопсуздугун камсыз кылды

Ирандын Бендер-Аббас шаарындагы Азад университетинин студенти Хейдари аталган агенттике берген маегинде,  Сулейманинин шейит болушунун экинчи жылдыгынын жакындап калышына токтолуп, “коопсуздук” – бул Сулейманинин эрдиги менен аймактын элине берилген эң маанилүү нерсе деп атады.

Ал бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык эркиндикти издегендер ирандык генералдын иш-аракеттерин жана анын “ИМ” террордук уюмуна каршы күрөшкөндүгүн жакшы билерин айтып,  алар террордук уюмдарды колдогон өлкөлөр менен аларга каршы күрөшкөн өлкөлөрдүн ортосундагы айырманы жакшы түшүнүшөт деди.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү террордук уюмдарга толук колдоо көрсөтүү менен бирге дагы бир жолу адамкерчиликсиз жүзүн көрсөтүштү; интернет колдонуучулардын кибермейкиндиктеги оң аракеттерин чектөө Батыштын дагы бир адамгерчиликсиз аракети болуп саналат.

Сулеймани бүгүн да тирүүдөй

Бендер-Аббас шаарынын дагы бир тургуну Моазами айымдын айтымында, кибермейкиндиктеги колдонуучулардын Сулеймани тууралуу билдирүүлөрүн цензура кылуу аракети бул көрүнүктүү генералдын баалуулуктарын төмөндөтпөйт, тескерисинче бүткүл дүйнөнүн көңүлүн ал инсандын иш-аракеттери тууралуу көбүрөөк маалымат алуусуна бурдурат. 

Ал Instagram тармагынын туура эмес жана коомго каршы аракетин айыптап, улуттук жана дүйнөлүк баатыр Касем Сулейманинин атын өчүрүү мүмкүн эмес экенин айтып, Ирандын жана Каршылык көрсөтүү фронтуна мүчө өлкөлөрдүн жаштары Сулейманинин жолун жолдошорун баса белгиледи.

Ошондой эле ал интернет колдонуучулары  генералдын өлүмүнүн эки жылдыгынын алдында анын идеалдары тууралуу билдирүүлөрдү дагы да жазышарын айтып, мунун мисалы катары Twitter тармаганда #Hero (Баатыр) хештеги трендке айланганына күбө болдук деди.

Сулеймани глобалдык фигурага айланды

Кибер мейкиндик боюнча эксперт Нажибе Садик батыштын медиа эксперттери көптөгөн аналитикалык борборлорду түзүү аркылуу Иранга каршы пландарды издеп,  өлкөнүн бай маданиятына көлөкө түшүрүү үчүн улуттук мифтерди виртуалдык фильтрге түшүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Ирандын душмандары бул күчтүү өлкөгө реалдуу өнөктүктө каршы тура албаган соң, сөзсүз түрдө психологиялык операциялар аркылуу кибер мейкиндикте өздөрүнүн жаман иштерин жүргүзүүгө аргасыз болушат.

Ал Instagram Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгынын алдында ага байланыштуу көптөгөн билдирүүлөрдү филтрлеп, ал тургай өчүрүп жаткандыгына ишара кылып, Сулеймани бүгүнкү күндө батыштыктарга каршы олуттуу коркунуч катары саналган глобалдык фигурага айланганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, эксперт бүгүнкү күндө кибер мейкиндик колдонуучулары тарабынан Сулейманинин маданиятын жана дискурсун жайылтуу натыйжалуураак болгондуктан, Батыштын коркоктору бул глобалдык фигураны жок кылууну көздөшүүдө деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Иран Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын бөлүгүнүн жетекчиси генерал Касем Сулеймани ушул жылдын 3-январында АКШнын Багдад эл аралык аэропортунун жанына абадан жасаган соккусунда өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, 8-январда АКШнын Ирактын батышында жайгашкан “Аль-Асад” аскердик базасына ракеталык чабуул жасаган. 

Комментарий жиберүү