Le Monde: 2022-жылы дүйнөнүн үч аймагында согуш чыгышы мүмкүн

2022-жылы согуш башталышы мүмкүн болгон аймактар ​​аталды.

Француз журналисти Ален Фрашон Le Monde гезитиндеги макаласында 2022-жылы куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн болгон аймактардын тизмесин түзгөн.

Автордун айтымында, ошондой аймактардын бири Иран. Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр бир аз жылыш менен кайра жанданды, бирок компромисс үчүн орун кыскаргандан кыскарып баратат. Ошондой эле, Тегеран келишимден бир тараптуу чыгып кеткен АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын саясатын унуткан жок, ошондуктан азыр алдын ала шарттарды коюп жатат.

Бүгүнкү күндө Иран уранды байытуу деңгээли 60%га жеткирди, ал эми эксперттердин айтымында, аны аскердик максатта колдонуу үчүн талап кылынган деңгээлге жетүү үчүн болгону бир ай гана керек.

Журналисттин айтымында, бул Израил менен АКШны Ирандын өзөктүк комплексине сокку урууга түртүп жатат. Ал өз кезегинде жоопсуз калбайт жана анын натыйжасында жаңжал бүтүндөй Жакынкы Чыгышты камтышы мүмкүн.

Дагы бир “коркунучтуу” аймак – Тайвань. Фрашондун айтымында, Кытай Вашингтондун аралга «кийлигишүүсүнө» алып келиши мүмкүн деп эсептеген маневрлерди жасап жатат.  АКШ буга чейин Тайванга коргонуу каражаттары менен камсыздоону убада кылган, бирок бул аларды кырдаалга кийлигишүүгө мажбурлабайт жана президент Жо Байден бул маселе боюнча эки түрдүү позицияны карманууда.

Фрашон тизмелеген аймактардын акыркысы – Украина. Соңку кездери Батыш маалымат каражаттары жана Киев Орусияны Украинага “баскынчылыкка” даярданууда деп такай айыптап келишүүдө. Кремль мындай айыптоолор НАТОнун күчтөрүн орус чек арасына жакын жерде көбөйтүүгө шылтоо катары гана керек болуп турат деп эсептейт. Ошондой эле, Москва алар эч кимди коркутуп-үркүтпөй турганын жана эч кимге кол салбай турганын, аскерлердин Орусиянын аймагы аркылуу өтүшү эч кимди тынчсыздандырбашы керектигин бир нече жолу баса белгиледи.

Комментарий жиберүү