Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Ирандын Куралдуу күчтөрү Meraj-521 деп аталган “камикадзе” же “жанкечти” дронун көрсөттү.

Жеңил класстагы бул учкучсуз аппарат бутага жетип урунганда жарылып кетет.

Дрон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрү Азербайжан менен чек арадагы Арас аймагында өткөрүп жаткан аскердик машыгууларга тартылып, сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү.

Камикадзе дрону 5 чакырым радиуска 15 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Оператор аны атайын планшеттин жардамы менен бутага багыттай алат. 

Дрондун өзгөчөлүгү – ал компакттуу жана жеңил болгондуктан аны бүктөл абалда рюкзакка салып жүрүүгө болот. Ал 1 кг чейин согуштук дүрмөттү көтөрө алат.

Комментарий жиберүү