“Sputnik V” вакцинасы индиялык штаммга каршы эффективдүү

Индиянын штаммына каршы “Sputnik V” эффективдүүлүгү болжол менен 90%ды түзөөрүн белгиледи вакцинаны иштеп чыккан Гамалея изилдөө борборунун директорунун орун басары Денис Логунов.

Анын айтымында, иштеп чыгуучулар маалыматты интегралдык түрдө чогулткан UMIAS жана EGISZ электрондук тутумдарына таянып алышкан.
“Ошондой эле, бул маалыматка ылайык, Индиянын штаммына карата дагы, Sputnik вакцинасынын натыйжалуулугу болжол менен 90% бойдон калууда”, – деди Логунов “Россия Сегодня” маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда.
 Ал ошондой эле вакцинанын эффективдүүлүгү ар кандай параметрлер боюнча бааланарын түшүндүрдү.

Комментарий жиберүү