Telegram’га бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталды

Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтарынын дүйнө жүзү боюнча иштебей калышынан улам Telegram мессенжерине бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталган.

Бул тууралуу TGStat аналитикалык кызматынын жетекчиси Юрий Кижикин билдиргенин орус ЖМКлары жазды.

“Биздин эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече сааттын ичинде Telegram’га 50 миллиондон ашык жаңы колдонуучулар катталды”, – деди Кижикин.

Кечээ, 4-октябрда Facebook, Instagram, WhatsApp жана башка бир катар тиркемелер дээрлик жети саат бою колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болгон. 

Социалдык тармактар жана мессенжерлердин иши  үзгүлтүккө учураганын дүйнө жүзү боюнча колдонуучулар билдиришкен.

Комментарий жиберүү