The Guardian: Украинадагы кырдаалдан улам адамзат ачарчылыкка туш болушу мүмкүн

Орусия менен Украинадан буудай ташып келүү токтотулса, дүйнөнүн бир катар аймактары азык-түлүк тартыштыгына жана ачарчылыкка туш болот. Бул туурасында The Guardian басылмасынын билдирүүсүндө айтылат.

Украинадагы кризистен улам дүйнө азык-түлүккө болгон баанын тез өсүшүнө туш болду. Учурдагы абалды 2008-жылы катталган глобалдык финансылык кризистен кийинки кырдаал менен салыштырууга болот.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы экономисти Ариф Хусейндин айтымында, украин кризисинен улам буудай менен мунайдын баасы тездик менен 2008-жылдагы азык-түлүк жана күйүүчү май кризисинен бери байкалбаган көрсөткүчкө жакындап, ал тургай ашып баратат.

The Guardian басылмасы дүйнө жүзү боюнча азык-түлүккө болгон баа Украинадагы кырдаал курчуганга чейин эле, климаттык кризистен жана коронавирус пандемиясынан улам жогорулаганын белгиледи. Эми бул факторлорго Украинадагы айдап-себүү өнөктүгүнүн үзгүлтүккө учуроо коркунучу жана Орусиядан дан экспорттоого убактылуу тыюу салуу дагы кошулду.

Учурда дүйнөдө буудай экспортунун 10%ы жана жүгөрү сатуунун 15%ы Украинага туура келет. Орусия буудайдын эн ири экспорттоочусу жана күнкараманы экспорттоо боюнча лидердердин бири. Ошол эле учурда Кара деңиз аймагындагы буудайдын 40%ы Жакынкы Чыгыш менен Африкага жөнөтүлөт, бул өлкөлөрдө да азык-түлүк баасы кескин кымбаттады.

Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддун президенти Жильбер Унгбо уланып жаткан кризис негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жеткирилишин чектеп, азык-түлүк баасынын көтөрүлүшүнө жана ачарчылыкка алып келиши мүмкүн деп эскертти.

Азык-түлүк кризиси табигый факторлор менен да курчуп жатат: өткөн жылы буудайды экспорттоо боюнча лидер өлкө Канада кургакчылыкка жана ысыкка кабылган, ушундай эле көйгөйлөр Латын Америка менен АКШда да болуп, токойлор өрттөнгөн. Австралия учурда суу ташкындарынан жапа чегип жатат, анын кесепети келечекте айыл чарбасына таасирин тийгизет.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Чыгыш Африка боюнча аймактык директору Майкл Данфорд учурда ачарчылыкка Чыгыш Африка жакындаганын билдирди.

Анын айтымында, жаан-чачындуу мезгил эгин талааларын кыйратып, малдын массалык кырылышына алып келсе, суунун жана жайыттардын тартыштыгы жамааттар арасында келишпестиктерге алып келди.

Комментарий жиберүү