YouTube алкоголдук ичимдиктерге, кумар оюндарына жана саясий жарнамаларга тыюу салды

YouTube каналы өзүнүн башкы баракчасында алкоголь, кумар оюндары, саясат жана дары-дармек жарнамаларына тыюу салды.

Белгилей кетсек, тыюу салуу YouTube сервисинин веб-версиясындагы жана мобилдик тиркемедеги башкы баракчасына гана тиешелүү.

Google компаниясы, жарнаманын бул түрлөрүн четтетүү колдонуучулардын социалдык жана жаш курак категориялары үчүн ылайыктуу болуп, баракчалардын алгылыктуу кызмат кылууга өбөлгө түзмөкчү.

Тактап айтканда, мурдараак спирт ичимдиктерин жарнамалагандыктан, кызмат жашы жете элек колдонуучуларга ылайыктуу болгон эмес.
Мындан тышкары, баракчанын жогору жагындагы саясатты жарнамалоодон баш тартуу кызматка көптөгөн административдик ызы-чуулардан, анын ичинде шайлоо өнөктүктөрүнөн кутулууга жардам берет.

Эске салсак, 1-июндан тарта YouTube жарнамаларын көрсөтүү эрежелери дагы өзгөрдү. Кызмат аны өнөктөш видеолорго гана эмес, бардык видеолорго жайгаштыра баштады.

Ошол эле учурда, видеохостинг мындай жарнамадан түшкөн кирешени видеороликтердин жаратуучулары менен бөлүшүүнү көздөбөйт.

Комментарий жиберүү