Абу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)

Бириккен Араб Эмираттарында Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум – Абу-Дабинин Улуттук аквариуму ачылды. Анда 33 миңге жакын деңиз жаныбарлары жашайт.

Аквариум аянты жети миң чарчы метрди түзөт. Бул жерге жыл сайын бир миллионго чейин коноктор келе алышат. Комплексте Жакынкы Чыгышта эң узун суу астындагы туннел бар. Бул жерде 80ден ашык деңиз биологдору жана башка адистер эмгектенишет. Алар деңиз жашоочуларына көз салып, деңиз фаунасынын жандыктарын изилдешет. Мындан тышкары, Улуттук аквариумда билм берүү бөлүмү ачылып, анда жылына 50 миңге чейин мектеп окуучусу билим ала алат. Аль-Кана кварталында жайгашкан деңиз музейи эми Абу-Дабинин негизги кооз жерлеринин бири болмокчу.

Комментарий жиберүү