АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШнын Кентукки штатында торнадо жана бороон-чапкындардан улам ондогон адамдар каза болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Штаттын губернатору Энди Бешир бороондон кеминде 80 адам каза болгонун билдирди.

Ал CNN телеканалына берген маегинде бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болгонун айтып, “Мен алган отчеттор боюнча, биз Кентуккинин 80ден ашуун тургунун жоготконубузду билем”, – деди.

Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган.

Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады.

Белгилей кетсек, 10-декабрь күнү башталган жаратылыш кырсыгы Иллинойс, Миссури, Арканзас, Кентукки жана Теннесси штаттарында орун алган.

Комментарий жиберүү