Аятолла Хаменеи Палестинанын лидерлеринин катына эмне деп жооп берди?

Ислам Ынкылабынын Руханий жол башчысы Палестинанын коргонуучу тобунун лидерлерине жооп берди.

Белгилей кетсек, Палестинанын Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хание жана Палестинанын Исламдык Жихад кыймылынын башкы катчысы Зиад Нахалах Иран Ислам республикасынын Руханий Лидерине мындай деп кат жазышкан: “Палестиналык баскынчыларга каршы күрөш “зулумдукка, ыймансыздыкка жана текебердикке” каршы туруу. Биздин жүрөгүбүз сиз менен; Сиз буюруса акыркы жеңишти көрө аласыз. Силердин күрөшүү сахнаңарда биздин да жүрөгүбүз бар жана силер жеңиштериңерди улантуу үчүн биз ар дайым дуба-тилек кылабыз.”  

Ал эми Ислам Ынкылабынын Руханий лидери Аятолла саид Али Хаменеи алардын катттарына мындай жооп жазган:

Аллахтын ысымы менен!

Жихадчы мырза Исмаил Хание, Аллах мартабаңды көтөрсүн! Сиздин катыңызды алдыңым, анда сиз Палестинанын акыркы жихадын сүрөттөгөнсүз. Сиздин күрөшүңүз – бул зулумдукка, ишенимсиздикке жана текеберчиликке каршы туруу жана мындай күрөш Улуу Аллах Таалага жага турган нерсе. Бул Аллахтын жеңиши, биз сизди колдойбуз жана силердин алдыңкылыгыңарды далилдейбиз. Аллахтын күчү менен жеңишке жетип, ыйык жерди сүткорлордун ыпластыгынан тазалайсыз, ин ша Аллах. Силердин бир тууганыңар Сейед Али Хаменеи

 Дүйшөмбү 12 Шаввал 1442 (24-май)

Аллахтын ысымы менен!

 Мужахид бир тууган мырза Зиад Нахалах, Аллах ийгилик берсин!

 Сиздин бир туугандык катыңызды алдык. Сиздин улуу жана жеңиштүү жихадыңыз, палестиналык бир туугандар, дүйнө жүзү боюнча сүйгөндөрүңүздүн көздөрүн жаркыратты. Силердин күрөшкөн жериңерде биздин жүрөгүбүз да бар жана жеңиштериңердин уланышы үчүн ар дайым тиленебиз.

Аллахтын жеңиш жөнүндө убадасы чын;  сиз Кудай буюрса, күч менен акыркы жеңишти көрө аласыз. Сиздин бир тууганыңыз Саид Али Хаменеи

Дүйшөмбү 12 Шаввал 1442-жыл.

24-май. 2021-жыл

Комментарий жиберүү