БУУ: Биз Палестинанын 1967-жылдагы чек аралык өзгөрүүлөрүн тааныбайбыз

Бирикке Улуттар Уюму Эл аралык Кудс күнүнө карата билдирүү жасады.

Белгилей кетсек,  БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, уюм 1967-жылдагы чек аралардагы, анын ичинде Кудс менен байланышкан өзгөрүүлөрдү эч качан тааныбайт – деп билдирди.

Ал, “Al-Arabi Al-Jadeed” каналына берген маегинде ондогон палестиналык үй-бүлөлөрдүн “Шейх Жаррах” аймагынан басып алынган Кудска көчүрүлүшү жана Израиль соттору тарабынан өкүм чыгарылышы, ошондой эле палестиналыктардын үйлөрүнүн басып алынышы жөнүндө суроолорго жооп берди.

“Бириккен Улуттар Уюму эл аралык мыйзамдарга ылайык, ар кандай отурукташуу ишине, анын ичинде Палестинадагы үйлөрдү эвакуациялоого жана бузууга тыюу салат”,-деди Стефан Дюжаррик.

Ал 2016-жылы Коопсуздук Кеңешинин калктуу конуштар боюнча 2334-резолюциясын эскертип, анда сионисттик режимди басып алынган Палестина аймактарында, анын ичинде Кудста калктуу конуштардын курулушун токтотууга үндөгөнүн айтты.

БУУнун баш катчысынын өкүлү эл аралык коомчулук 1967-жылдагы чек аралардагы эч кандай өзгөрүүнү, анын ичинде Палестина жана Израиль тараптары макулдашкан өзгөрүүлөрдү эске албаганда, Кудска байланыштуу өзгөрүүлөрдү эч качан тааныбайт деп баса белгиледи.
 

БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы ошондой эле Палестина элинин, айрыкча, 50 жылдан ашуун убакыттан бери оккупацияда жашаган палестиналыктардын укуктарын урматтоо керектигин кошумчалап кетти.

Комментарий жиберүү