БУУ: Талибан Ооганстандын 50-70%ын көзөмөлдөйт

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдө согушту Талибан баштаганын жана башаламандыктарга бул уюм жооптуу экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Ашраф Гани баш калаа Кабулда өткөн аземде сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан өкмөтү тынчтыктын туруктуу планын даярдап, дүйнө жүзү жана оогандар менен бөлүшкөнүн, бирок Талибандын бул багытта азырынча планы жок экендигин билдирди.
Ал, согуш учурунда да өкмөттүк күчтөрдүн жана ошондой эле адам укуктарын сыйлагандыгын билдирип, Талибан бул мыйзамдардын бардыгын бузуп, өлкөнү жок кылууга аракет кылгандыгын белгиледи.
Жарандар арасындагы жоготуулардын көбөйүшүнө токтолгон президент Гани, согуш учурунда талиптер тарабынан адам укуктары атайылап бузулгандыгын кошумчалады.
Ооганстандын президенти эл аралык коомчулукту Талибанга карата кайдыгер калбоого чакырып, «Талибан согушту баштаган жана башаламандыктарга алар жооптуу»,-деди.
Президенттин айтымында, Талибан саясий чечимге негизделген туруктуу жана адилеттүү тынчтыкты же улуттун душманы болуу жолун тандашы керектигин баса белгиледи.
Гани жакында эле Талибандын карапайым адамдарга карата күчөп жаткан чабуулунун артында айрым чөйрөлөр тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, акыркы 2 айда өлкө боюнча Талибандын көзөмөлүндө турган райондордун саны 20дан
ашты.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Талибан өлкө аймагынын 50-70 пайызын көзөмөлдөйт.

Комментарий жиберүү