В. Зеленский Украинаны Батышка сатып жибереби?

Кытайдын маалымат каражаттары Владимир Зеленскийдин Украинаны Батышка сатып жиберүү планы тууралуу билдиришти.

«Гуаньча» маалымат каражаты Зеленскийдин Украинаны Батышка жеке өзү байлык топтоо үчүн сатып жиберүү планы тууралуу жазды.

Украинанын алдында турган массалык менчиктештирүү өлкөнү Батышка сатып жиберип, ал эми түшкөн пайданы мамлекет башчысы Владимир Зеленский жана анын командасы бөлүп алуу менен аяктайт. Мындай пикирди кытайлык  «Гуаньча» порталы жарыялады.

Материалдын автору Зеленскийдин Украинаны Батышка жеке өзүнүн байлык топтоосу үчүн сатып жиберерин жана ушул максатта өлкөнүн талкалоосуна жол ачкандыгын билдирди.

«Эгер Зеленский сатып ала турган тарапты табууну кааласа, анда ага Батышка баруу керек болот – ал жактан акырындык менен украиналык байлыктарды кимге сатууну издей берсин. Мен бул сатып алуучуну мамлекет талкаланганча табарына ишенем», — деп белгиледи Кытайдын журналисти.

Баяндамачы андан ары мындай деп кошумчалады, мамлекеттик мүлктөрдү жеке колдорго өткөрүп берүү карама-каршылык учурунда максатсыз болуп саналат. Бирок бул чечимди Зеленскийдин өзүнүн байлыгын көбөйтүү катары карасак, анда анын аракеттери түшүнүктүү болууда.

Июлдун соңунда Украинанын өкмөтү менчиктештириле  же жоюла турган 420 мамлекеттик ишканалардын тизмесин түздү. 2022-жылдын тизмесине  «Укрспирт» МИнин (мамлекеттик ишкана) жана «Укрспирт» концернинин 20 активи, эки агроөнөржай комплекси жана эки вино чыгарган объекти кошулган.  Ошол эле учурда Жогорку Рада УКК  (Украина куралуу күчтөрү) (ВСУ) менен техниканы оңдоо келишимин түзгөн коргонуучу ишканалар менен фирмаларды менчиктештирүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алды. 

Комментарий жиберүү