Греция: Белгилүү Навагио пляжына аска кулап түштү

Грецияда жер титирөө болуп, Закинтос аралында дүйнөгө белгилүү Навагио пляжына аска кулап түштү.

Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип, РИА Новости жазды.

8-сентябрда эртең менен Грециянын Кефалония аралына жакын жерде, Закинтостон 70 чакырымдай алыстыкта күчү 5,3 баллга жеткен жер титрөө катталган.

Бир нече сааттан кийин аталган пляжы курчап турган тоо кыркасынан таштын бир бөлүнүп, кулап түшкөн. Жер көчкү пляжды тосуп калган, жабыркагандар жок.

Маалыматка караганда, учурда окуя болгон жерге кирүү эс алуучулар үчүн да, кемелер үчүн да жабык.

Эске салсак, Грецияда 2018-жылы дагы аска кулап, жети киши жабыркаган.

Комментарий жиберүү