Дүйнөлүк банктын башчысы: Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга таасирин тийгизет

Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Мэлпасс Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга Орусиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясына караганда көбүрөөк таасир этет деп эсептейт.

Анын айтымына караганда, Украинадагы кырдаал дүйнөлүк экономикага “кыска мөөнөттө таасирин тийгизет”.

Бул тууралуу ал Washington Post гезити өткөргөн иш-чаранын алкагында билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.

“Менин оюмча, Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк ИДПга чоң таасирин тийгизет”, – деди Мэлпасс.

Бирок, ал башка өлкөлөр Орусиянын энергетикалык ресурстарын жана Орусия Федерациясынан жана Украинадан азык-түлүк алуунун токтоп калышынан тез арада калыбына келе алышат деп эсептейт. Тактап айтканда, анын пикиринде, башка өлкөлөрдүн айыл чарба тармагы “бир жылдын аралыгында ыңгайлаша алат”.

Белгилей кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага каршы аскердик операция баштаган. Ал мындай кадамга “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” үчүн барып жатканын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө боюнча аскердик абал киргизип, Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялаган.

Орусиянын мындай аракети  БУУда жана дүйнөнүн көпчүлүк борборлорунда айыпталып, буга жооп катары батыш өлкөлөрү орусиялык банктарга жана ишканаларга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Бир катар компаниялар орус рыногунан чыгып, Орусия Федерациясындагы өндүрүш ишканаларын жабуу тууралуу жарыялашты.

Комментарий жиберүү