Дүйнөлүк банк Баткен облусуна 50млн. доллар бөлөт

Бул тууралуу 3-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова, Шайлообек Атазов, Миргүл Темирбаева, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жана Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хассан Накви катышты.

Анда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кайгылуу окуяларды талкуулашты.

ЖКнын өкүлдөрү Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү керек деген позицияны дайыма карманып келерин белгилешти.

Өз кезегинде Анна Бьерде Баткен облусундагы түзүлгөн кырдаалга өкүнүчүн билдирип, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен гана чечүү зарылчылыгын белгиледи.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 50 миллион АКШ долларын бөлөрүн кошумчалады.

Бул программа кийинки төрт жылга эсептелген жана туруктуу экономикалык өсүүгө багытталган.

Комментарий жиберүү