Европадагы токой өрттөрү

Европада бул жылы жай айында чыккан токой өрттөрүнүн эң жогорку деңгээлге чыккандыгы, жайылган көмүртектин  эң жогорку көлөмгө жеткендиги аныкталды.

Европа Биримдигинин Copernicus спутниктик байкоо системасы өзгөчө Франция, Испания жана Португалияда интенсивдүү көмүртек чыгаруунун болгондугун каттады.

Спутник көрүнүштөрүндө өзгөчө акыркы күндөрдө Франциянын түштүк – батышында чыккан өрттөн улам жайылган түтүндүгүн калыңдыгына көңүл бурулду.

Copernicus Атмосфералык Мониторинг Кызматынын (CAMS)  отчетуна караганда Глобалдык Өрт Ассимиляция системасынын маалыматтарында 2003 – жылдан бери эң жогорку көмүртек чыгаруу деңгээли Францияда июнь  – август айларында  өрттөр чыккан аймакта катталды.

Отчетко караганда август айындагы ысык аба толкунунда  Түштүк  –  Батыш Франциядагы өрттөрдө 7 миң гектардык токой күлгө айланды.

Франция, Испания, Италия жана Португалия өңдүү Европа өлкөлөрүндө ушул жайда көп сандаган өрттүн кесепетинен  чоң аянттагы токойлор жок болду. Өзгөчө Европанын түштүгүндө жана батышында бир нече аймак «жогорку өрт коркунучу» айрым аймактар да «абдан жогорку өрт коркунучу» астында.

Өрттөрдү көбөйткөн быйылкы жайдын ысык толкуну да континентте кургакчылыкты жаратууда. Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө көптөгөн дарыялардын нугунун кургагандыгы, көл жана дамбалардагы суунун деңгээли абдан төмөн түшүп, кээ бир аймактарда суу тартыштыгы байкалганы маалымдалды.

Комментарий жиберүү