Жасмыктан жасалган шорпо — ден-соолукка эң пайдалуу

Диетологдор түшкү тамакка жасмыктан жасалган шорпо эң пайдалуу экенин айтышты.

Бул тууралуу “Главред” басылмасы жазды.

Адистердин айтымында, жасмыкта 12 амин кычкылдыктары бар. Шорпонун курамындагы жасмыктар иммундук системаны чыңдоого да жөндөмдүү. Жасмык шорпосу клетчаткага да бай болгондуктан, ден соолукту чыңдайм дегендер үчүн сунушталат.

Мындан тышкары, эт жана жашылчанын түрү менен кайнатылган шорпо да абдан пайдалуу болуп саналат. Эттин өзүнө караганда жашылча аралаштырса белоктуу жана клетчаткалуу шорпо болору айтылды.

Ошондой эле, диетолог жасмык аз кандуулуктан жапа чеккендер үчүн дагы эң пайдалуу азык болуп эсептелерин, анткени курамында көп сандагы углеводдор, белоктор, B1 жана B2 витаминдери, ошондой эле фосфор, цинк, темир жана магний бар экенин билдири.

Комментарий жиберүү