Жо Байден 2024-жылыда президенттик шайлоого катышат

АКШнын проезиденти Жо Байден мөөнөтү бүткөн соң 2024-жылы кайрадан президенттикке талапкерлигин коёт.

Бул тууралуу ал укук коргоочу жана теле алып баруучу Эл Шарптон менен болгон маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?
Эске салсак, буга чейин Байдендин тарапташтары ал келерки президенттик шайлоодо да талапкерлигин коерун айтып келишкен, бирок, учурдагы президент бул тууралуу өзү үн ката элек болчу.

Ак үй Байден кайрадан шайлоого катышуу ниети бар экенин бир нече жолу билдирген.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки да өткөн жылы эле АКШ президентинин 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин тастыктаган.

Маалыматка караганда, Жо Байден ABC News телеканалынын алып баруучусунун “2024-жылы президенттикке ат салышасызбы?” деген суроосуна “Ооба. Азыркыдай ден соолукта болсом, дагы талапкерлигимди коём”, – деп жооп берген.

Белгилей кетсек, 2020-жылы 78 жашында АКШнын 46-президенти болуп шайланган Байден, өлкөнүн тарыхында мамлекет башчысы катары ант берген эң кары адам болуп эсептелет.

Комментарий жиберүү