Жээнбеков жубайы менен Кыргызстандан чыгып кетти

 Толгонай Стамалиеванын айтымында, экс-президент умрага Мекке шаарына барат. Жубайы экөө бүгүн эртең менен учуп кетишти.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Кабарды анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Билдирүүгө караганда, ал “Манас” аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.

“Экс-президент умрага Мекке шаарына барат. Жубайы экөө бүгүн эртең менен учуп кетишти”, — деди Стамалиева.

Маалыматка караганда, Жээнбеков ал жакка Сауд Аравиясынын падышасынын чакыруусу менен барган.

Экс-президент бул иш сапарды 2020-жылдын ноябрь айына пландаган. Бирок пандемия шартында ажылыкка барууга чектөө коюлгандыктан жана расмий чакырууну күтүү зарыл болгондуктан, кийинкиге жылдырылган болчу.

Ошондой эле маалымат катчы Жээнбеков кичи ажылыкта 10 күн болуп, андан соң Кыргызстанга кайтып келерин кошумчалады. 

Булак: Sputnik

Комментарий жиберүү