Израилде коронавирустун жаңы түрү табылды

Израилде коронавирустун “стелс-омикрон” (BA-2) деп аталган жаңы штаммы табылды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Илдеттин жаңы түрү чет өлкөдөн кайтып келген эки адамдан аныкталган.

Белгиленгендей, өлкөгө учуп келген адамдардын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, ооруканага кайрылышкан. Аларга жаңы штамм жуккандыгы келгенден кийин жасалган анализдердин жыйынтыгында белгилүү болгон.

15-февралда даниялык илимпоздор SARS-CoV-2 “омикрон” штаммынын ORF3 белогунан жаңы кооптуу мутацияны табышкан. Ал H78Y деп аталып, клеткаларда сезгенүү реакциясын козгоору белгилүү болгон. Жаңы штам мурунку версияларына караганда, жугуштуу болушу мүмкүн жана эмдөөдөн өткөндөргө да жугушу мүмкүн.

Изрилдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө  6,7 млн жаран вакцинанын биринчи дозасын, 6,1 млн жаран экинчи дозасын, 4,4 млн жаран үчүнчү дозасын, 730 миң жаран төртүнчү дозасын алган.

Комментарий жиберүү