Индияда коронавирустан өлүм көбөйүп, жаңы рекорд катталды

Индияда коронавирус оорусун жуктургандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйүп, курман болгондордун саны боюнча дагы жаңы рекорд катталды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Буга чейин, Индияда вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча жаңы рекорд катталган. Акыркы бир сутка ичинде илдеттен каза болгондордун саны боюнча рекорд жаңыланып, курмандыктардын саны 4000ден ашты.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө коронавирус боюнча жаны 401 078 учур катталып, жуктуруулардын жалпы саны 21,9 миллионго жетти. Ал эми илдеттен акыркы 24 сааттын ичинде 4187 адам каза болду. Илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 238 270ке жетти.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 2,3 миллион адам коронавируска каршы вакцина алышкан, Бирок, бул Индиядагы бир миллиарддан ашуун калктын санына салыштырмалуу өтө аз.

Эксперттер Индияда коронавирустун күч алышына акыркы бир нече айдын ичинде өлкөнүн ар кайсы штаттарында карантиндик чектөөлөрдүн азайышы жана жергиликтүү шайлоолордун өтүшү себеп болду деп айтышууда.

Учурда дүйнө жүзү боюнча АКШ, Индия жана Бразилия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы үч мамлекеттин катарына кирет.

Комментарий жиберүү