Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болду

Индиянын Махараштра штатында коронавирустун “дельта плюс” деп аталган жаңы штаммын жуктурган 20 учур катталганы айтылды.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Индиянын медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгынын башчысы, дарыгер Т.П. Лахан “дельта плюс” штаммын Нави-Мумбай, Палгар жана Ратнагири шаарларынан табылганын, дагы үлгүлөр анализге жиберилип, отчетту күтүп жатышканын India TV телеканалына берген маегинде билдирди.

Жаңы штаммды жуктурган беш учур Ратнагири порт шаарынан табылган. Аны жуктуруп алган эки адамда оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес.

Өлкө бийлиги вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн мутация табылган райондорду жапты.

Эске салсак, коронавирустун B.1.617 штаммы Индиянын Махараштра штатында 2020-жылдын 5-октябрында табылып, акыркы убактарда ал штамм көптөгөн өлкөлөрдө да табылды.

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, бул мутация Индиядагы коронавирустун экинчи толкунунун себептеринин бири болушу мүмкүн.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, өткөн жылдын март айынан бери, ал жерде коронавирус пандемиясы башталгандан бери, вируска чалдыккандардын жалпы саны 29,8 миллиондон ашып, 28,7 миллиондон ашыгы айыгып, 386 миңден ашууну каза болуп, 729 миң бейтап учурда дарыланууда.

Комментарий жиберүү