Ирандагы коронавирус боюнча акыркы статистика. Sputnik V вакцинасынын алтынчы партиясы жеткирилди

БИШКЕК, 23-апрель. — Eurasia Today. Ирандын Саламаттык сактоо жана медициналык билим берүү министрлиги акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирустан 453 адам каза болгонун билдирди.

Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттар маалымдашты. Ирандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өткөн сутка ичинде COVID-19дан 453 бейтап каза болуп, өлкөдөгү жалпы өлүмдүн саны 68 366 адамга жетти. Ал эми 24 092 жаңы оорулуу катталып, алардын ичинен 3438ү ооруканага жаткырылып, жалпы оорулуулардын саны 2 миллион 335 миң 905ке жетти.

Ирандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министрлиги бүгүнкү күнгө чейин коронавирустун вакцинасынын биринчи дозасын 518 904 адам алгандыгын жана эки дозасын 148 298 адам алганын, өлкөдө сайылган вакциналардын жалпы саны 667 202 дозаны түзгөнүн маалымдады.

Ошол эле учурда, 22-апрелде Иран Ислам Республикасынын Орусиядагы элчиси Казем Жалали Иранга 100 миң доза Sputnik V  вакцинасынын алтынчы партиясы жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Казем Жалали Иран менен Орусиянын ортосунда 60 миллион доза вакцина сатып алуу жөнүндө келишим түзүлгөнүнө токтолуп, мындай көлөмдөгү вакцина өлкө калкынан 30 миллион кишини толук эмдөөдөн өткөрүү үчүн жетиштүү экенин жана вакциналар ушул жылдын июнь айынан декабрь айына чейин жеткирилерин билдирди.

Комментарий жиберүү