Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет.

Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.

Бүгүнкү жүрүшкө Ирандын президенти Ибрахим Раиси да катышты. 

Эл аралык Аль-Кудс күнү Ирандан тышкары, Түркия, Пакистан, Индия, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан, Африка өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле АКШда жана Европада дагы белгиленет.

Комментарий жиберүү