Иранда Имам Хомейнинин мекенине кайтып келиши белгиленди. Сүрөттөр

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган.

Аятолла Хомейни Тегеранда. 1-февраль 1979-жыл

Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленген.

Ал күнү Аятолла Хомейни “Air France” авиакомпаниясынын 4721 чартердик рейси менен “Boeing 747” учагы менен Тегерандагы Мехрабад аэропортуна эртең мененки саат 9:27де конгон.

Имам Хомейнинин уулу Ахмад жана ишенимдүү шериги Мортаза Мотаххаринин коштоосунда учактан түшүп жаткан тарыхый учурдун сүрөтү бүт дүйнөгө тараган.

Хомейни аэропортто сүйлөгөндөн кийин революция маалында курман болгон демонстранттардын көпчүлүгү коюлган “Бехеште Захра” күмбөзүнө барган.

Миллиондогон жактоочулар анын атын ураан чакырып, жүз миңдеген адамдар анын сөзүн угуу үчүн көрүстөнгө чогулушкан.

Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан  11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленеп, өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Бул күнү ирандыктар Имам Хомейнинин кайтып келишин эскеришет.

Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгынын алдында Ирандын учурдагы рахбары Аятолла Хаменеи Ислам революциясынын улуу негиздөөчүсү Имам Хомейнинин күмбөзүнө  зыярат кылып, имамды эскерип Куран окуду.

Ошондой эле өлкөнүн Куралдуу жана Басиж күчтөрүнүн мотоциклисттери Имам Хомейнинин жолу менен Мехрабад аэропортунан “Бехеште Захра” күмбөзүнө чейин жүрүш жасашты.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - 14001114000203637794834528265806_61653_PhotoT.jpg

Комментарий жиберүү