Ирандын президенти Раиси Путин менен эки тараптуу кызматташууну талкуулайт

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Москвага жасаган сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен түрдүү маселелер боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, атап айтканда, маданий, саясий жана технологиялык чөйрөлөрдө кызматташууну талкуулоо пландалып жатканын дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде билдирди.

Президенттин (Раиси) иш сапары Орусиянын президентинин (Владимир Путин) чакыруусу менен ишке ашууда, бул сапар абдан маанилүү… Раиси кесиптеши менен маанилүү жолугушуу өткөрүп, ар кандай маселелерди талкуулайт: күн тартибинде ар кандай темалар, анын ичинде саясий, маданий жана технологиялык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери турат… Биз бул сапардын өзүнүн жетишкендиктери болот деп үмүттөнөбүз”, – деди Хатибзаде Тышкы иштер министрлигинин  ар жумалык маалымат жыйынында.

Буга чейин Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Бахадори Раиси Москвага январь айында барарын билдирген. Буга байланыштуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Раисинин Орусияга сапарынын так датасы кийинчерээк белгилүү болорун билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Раисинин Орусияга сапары абдан маанилүү болорун айтып, Ирандын жетекчилигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мамилелерди инвентаризациялоо зарыл экенин билдирген.

Эске салсак, Путин менен Раиси ноябрдын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Анда лидерлер узак мөөнөттүү кызматташуу боюнча жаңы документти иштеп чыгууну, ири биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, коронавирустук пандемияга каршы күрөшүүдө кызматташууну, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Комментарий жиберүү