Иран армиясы учкучсуз учуучу учактарынын күчүн көрсөттү. Сүрөт

Кечээ, 24-августта Ирандын Куралдуу күчтөрү аскердик учкучсуз учуусу учактарды массалык түрдө колдонуу менен аскердик машыгууларды баштады.

Маалыматка ылайык, машыгууларга ар кандай түрдөгү жана модификациядагы 150дөн ашык учкучсуз учуучу учактар катышууда.

Эки күн бою Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн, кургактагы күчтөрүнүн, аба күчтөрүнүн, деңиз жана абадан коргонуу күчтөрүнүн бөлүктөрү түштүктөгү Перс жана Оман булуңдарынан тартып түндүктөгү жана батышындагы аймактарга чейинки кеңири аймактын үстүндө аскердик дрондор менен өз ара аракеттенүүнү иштеп чыгышат.

Машыгуу учурунда учкучсуз учуучу учактарды чалгындоо, патрулдук кылуу жана абадан сокку уруу үчүн колдонуу сыналат.

Комментарий жиберүү